Бабанов: "УКМК тарабынан провокация даярдалып жатат". Чекисттер талапкердин сөзүн негизсиз деп жооп кылды

Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын өткөрүп, шайлоодогу мыйзам бузуулар жана президент Алмазбек Атамбаевдин ага карата айткан сөздөрүнө жооп кайтарды. Маалымат жыйындын жүрүшүндө ал азыркы тапта бийлик тарабынан провокация даярдалып жатканын билдирди.

"Бүгүнкү болуп жаткан абал мени аябай тынчсыздандырат. Бир аз убакыт мурун КТРКны карап, абал кандай экенин көрдүм. Азыркы тапта УКМК, милиция тарабынан провокация даярдалып жатат. Менин командама айта кетерим, сак болгула. Мен жана командам кандайдыр бир провокацияларга катышпайбыз. Президенттин оозунан курал-жарак жана башка нерселер таратылып жатат дегенди уктум. Бул маалымат кайдан тарап жүрөт, ким таратты, эмнеге эч кимди кармабайт? Менин провокация уюштурбаганымдын далили - бул үй-бүлөмдүн Бишкекте экени. Өлкөдө төңкөрүш кылам деген адам, эң биринчи үй-бүлөсүн ойлойт", - деди Бабанов.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабановдун айткандары тууралуу мындай билдирүү таратты.

"Талапкер Өмүрбек Бабанов УКМК тарабынан провокация даярдалып жатат дегендей пикирин айтты. Анын айткандары негизсиз жана талапкер эч бир фактыга таянган эмес. Жаран Өмүрбек Бабановго өзү айткан маалыматтар боюнча далилдерди келтиришин сунуштайбыз. Эгер далилдей албаса, анда муну талапкердин коомчулукту адаштыруу максаты деп эсептейбиз", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Өмүрбек Бабановдун шайлоонун жүрүшү тууралуу өткөргөн маалымат жыйыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан