10-ноябрда SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү ырчылар Гүлнара Калдарова жана Айжамал Кабылованын 2017-жылдын 1-мартында өткөн "20 жыл сахнада" аттуу концерти менен толукталды.
"Концертте аябай толкунданганбыз. Жаңы жарык көргөн ырларыбыз, дуэттерибиз, триолорубузду аткарганбыз. Концерттин көркүнө көрк кошкон сахналаш досторубуз Жеңишбек Айтиев, Темир Назаров, Замир Мырза, Данияр Эрматов, Сайкал Садыбакасова жана "Кыз-Бурак" тобунун мурунку ырчысы Айпери Сыдыкова да өз чыгармаларын элге тартуулаган", - дейт ырчы Гүлнара Калдарова.
Эске салсак, бул концертте ырчыларды куттуктап, алардын устаты Гүлшайыр Садыбакасова келип өз каалоо тилектерин айтып, ак батасын берген.
Концертти көрүү үчүн шилтеме.