Адахан Мадумаров: "Бул күрөш бүттү, эми жаңы күрөш башталат"

Президенттик шайлоодо өлкөдөгү добуш берүү тилкелери саат 20:00дө жабылды. Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун штабында болуп, шайлоонун жүрүшү тууралуу оюн уктук.

Анын айтымында, ал Орусиянын шайлоо тилкелери жабылган айрым шаарларында жана айрым чет мамлекеттердеги добуштардын жыйынтыгы боюнча алдынкы тизмеде келе жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктары боюнча, ал алдынкы үчтүккө кирген:

Сооронбай Жээнбеков — 901 миң 575 добуш (54,73 пайыз);

Өмүрбек Бабанов — 557 миң 227 добуш (33,83 пайыз);

Адахан Мадумаров — 106 миң 422 добуш (6,46 пайыз).

"Шайлоонун жыйынтыгы логикалык күтүүгө жатпайт. Себеби, биринчиден, кол санактар келүү керек. Экинчиден, алдын ала бир санды айтып коёт да, анан анын артынан кууп жөнөшөт. Азыр тынчтык болуп турганы менен эртең кагаздар келип баштаганда суроолор пайда болушу мүмкүн. Шайлоо кандай өткөнүн байкап, көрүп турдук. Кайгырып калуу жок. Бул күрөш бүттү, эртең жаңы күрөш башталат. Биринчи жолу жеңилип жаткан жокпуз, ага ызылдап жаткан жокпуз. Бир гана өкүнүчтүүсү туура, так, адилеттүү күрөштө жеңилсең башка. Билип турасың да кандай ыплас иштерге барышканын. Ар бир нерсенин акыры болот. Бир жаман нерсенин эшиги жабылса, жакшы нерсенин 10 эшиги ачылат. Мен кайра айтам, бул күрөш бүттү, эми жаңы күрөш башталат", - деди Мадумаров.

Адахан Мадумаров: "Бул күрөш бүттү, жаңы күрөш башталат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (80)
nuria.2015
2017-10-16 02:43:40
Эл эмнени талап кылса аткарабыз деди го.анда элибиз унчукпай кала бербей курошуш керекда ошондо билинет канча адам Мадумаровту колдогону.биз озубузго куйбосок эч ким куйбойт.кыргыз деген атыбызды улап кетишибиз керек жакшы падыша келмейинче артка кеткенибиз кнткен качанга чейин ушинтип кыйналып жашайбыз
+3
nuria.2015
2017-10-16 02:51:34
Алакандай кыргызды гулдотуп таштаса болот.элди ойлогон президент келер бекен а кутуп кутуп омурубуз отуп олуп кете беребизби.аз омурдо ата энен менен бала чакан менен чогу жашагын келет.россиялап жургонубуз жургон ар орустун эшигин каккылап иш издеп кочодо кенири басалбай же квартирада кенири жашабайсын тыгылып жадакалса иштеген жеринде тыным жок жун баштар ганяйтетип.оорукчан кылып бутот бул россия.канчалаган жаштар олуп кетишти бала чакасын корбой ата энесин корбой.
+1
sayana
2017-10-16 03:15:46
Adhambek мигранттар силер айткандай кыйрата албаптырбыз, оз олкобуздо силер эмнени кыйратып ийдинер экен? Баардык нерсени жайгарып койгондой суйлойсунор, силер жайгарганда Жээнбеков озун озу шайлап албайт эле го, эч кимдин тарапташы эмесмин, бирок президентикке татыктуу деп Адахан Мадумаров дегендерди ото коп уктум, Кыргызстанда адилеттуулук качан болот, качан тууган , тааныш, бул тундуктон бул туштук деген токтойт?
+1
sayana
2017-10-16 03:21:07
Айтор аман эле болгула
+2
belek1997
2017-10-16 05:12:04
Эмне учун болбогон бир кундук ХХХХ мин сом учун элдер козун жумуп туруп Бабанов м.н Жээнбековко добуш берип жатышат Алтындай Болуп Адахан Мадумаров Агабыз турса ээх элибиздин козу ачылбайт окшойт бул кетишибизде ошол Бабанов м.н Жээнбековтун берип жаткан акчалары жугуп жатабы элге Сабыр кылып бербесе дагы макулмун деп Алтындай Адахан Агабызды шайлап алсак кийин озубуз окунбойбузго Мадумаров Адахан Кимсанбаевич Кудайым колдооп куч берсин
0
Ayida
2017-10-16 06:19:53
Адахан Кимсанбаевич элге тынчтык керек! Дагы нени баштайын деп жатасыз?Бийлик учун? Президент болдубу болду Аллах каалады!Сизди каалананда эчак эле болмоксуз.
+3
bakulya2015
2017-10-16 07:02:29
Ayida,Аллах каалабады окшойт. Эл каалады убактылуу акчаларын алып и добуштар алдында берилген.
+2
sumay2015
2017-10-16 06:24:05
Акчага алданган жок эл Жээнбеков президент болору кун мурунтан эле белгилуу болгон. Качан бизде таза шайлоо болгон эле? Мен шайлоого барсам келбей эле койбопсуз уже таштап салган
+2
sumay2015
2017-10-16 06:25:39
Госто иштегендер Мадумаровго таштадык бирок Жээнбеков шайланды
+3
Aydarov.0607
2017-10-16 08:06:18
Жээнбековту мына биз шайладык жалгыз өзүң шайлабасан эле баары шайлабады деп ойлобогула. Жээнбековтун артында эли турат колдогон.
+1
Jelezo
2017-10-16 08:09:09
Кайран эл качан таза болосуң алты жылда бир жолу келген мүмкүнчүлүгүңдү да сатып жибердиң.Кжибердиң.Корупция
менен күрөшбөсө сурабагыла себеби өзүбүз корупциянын башаты экенбиз
-2
azim2
2017-10-16 09:14:40
Мурунку жылдарга Караганда таза эле болуп жатат. Калп эле билмексен Боло бербегилечи. Байкоочулардын бардыгы таза болду деп айтып жатышпайбы.
+1
yasmina_kg
2017-10-16 09:24:03
azim2,Туура.Акаев менен Бакиев убагында 99 пайыз менен отушчу.
+2
nazgul20
2017-10-16 10:13:28
Шайлоо таза отту, Мадумаровко шайлагандар ото эле аз жон эле чымында пил жазай бербегилечи! Мадумаров асмандан тушсун аны президент катары корбойбуз!
+3
nazgul20
2017-10-16 10:14:49
Ооба мен жана менин уй булоомдун баары Жээнбековго шайладык!
+3
nazgul20
2017-10-16 10:17:46
sumay2015 Бут госто иштегендердин атынан жооп берипсинго, госто иштегендер жана карапайым элдин кобу Жээнбековду колдошту жана азыраагы Бабановду Мадумаровду кыпчыбай эле койгулачы татыктуу эмес!!!
+2
admin_superstan
2017-10-16 10:47:51
Loka, chika.aisu, провокацияга жол берилбейт. 3 күндөн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан