Адам күнүнө 3 саат гана жемиштүү иштей ала турганын изилдөөлөр көрсөттү

Британиялык окумуштуулар 2 миңге жакын кеңсе кызматкеринин катышуусунда сурамжылоо жүргүзүп, натыйжада адам күнүнө 3 саат гана жемиштүү иштей ала турганы белгилүү болгон.

Алгач бардык катышуучуларга "Жумушта бир күн бою жемиштүү иштейм деп эсептейсизби?" - деген суроо берилген. Ага 79 пайыз адам "жок" деген жообун узаткан.

Изилдөөчүлөр сурамжылоого катышкандардан жумуш учурунда башка көңүл ачуучу иштер менен алектенүүдөн баш тарта аларын сураганда 35 пайыз "ооба" деп, 54 пайыз башка иштер менен алектенгенде гана жемиштүүлүгү арта турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2017-10-16 10:08:57
Москвада кыргыздарым 12 саат жемиштуу эле иштеп жатат кынк дебей
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан