КҮНСЕРЕП: 7 жылдан кийин: Таласта абал кайрадан тынч эмес

Бүгүн, 16-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттик шайлоодогу бюллетендердин 98,39 пайызы саналып бүттү. 16-октябрь саат 11:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан жыйынтыкта Сооронбай Жээнбеков 54,81 пайыз менен 1-орунда, Өмүрбек Бабанов - 33,7 пайыз менен экинчи, үчүнчүдө Адахан Мадумаров - 6,48 пайыз. Шайлоочулардын 55,93 пайызы добуш берүүгө катышты деп айтылды. Кечээ кечинде шайлоо аяктаары менен бийликтин талапкери 50 пайыздан ашык көрсөткүч менен алдыда баратканы жарыяланып, Жээнбеков журналисттердин алдына чыгып билдирүү жасады. Адегенде эле "президент Алмазбек Атамбаевдин көп жылдык эмгегинин артынан бүгүн демократиялык шайлоо өткөнүн" баса белгилеп, командасына жана элге ыраазычылык билдирди.

Бирок иш жүзүндө бийлик демократиялык атаандаштыкка даяр эмес экенин көрсөттү. Үгүт жарышында старттан финишке чейин Жээнбековдун башкы атаандашы Өмүрбек Бабановго каршы бүтүндөй мамлекеттик машина иштегени ачык байкалып турду. Бабанов бул шайлоодо алды каралоолор менен башталып, аягы СИЗОго камоолорго чейин жеткен оор сыноолорду башынан өткөрдү. Ал бүгүн "адам күйгөн сайын курчуйт, биз курчудук" деп жөн жерден айтпады. Бийликтин чабуулдарына туруштук берүү, каршы күрөшүү, бүтүндөй мамлекеттик машина менен теӊтайлашып марага ишенимдүү жетүү оңой иш эмес. Жээнбеков "президенттин эмгеги" деп айтып жаткан демократиялык шайлоонун, чыныгы атаандаштыктын үлгүсүн эл чынында бийликтин эмес, Өмүрбек Бабановдун эмгегинен улам көрдү.

Ошол эле учурда Бабановдун шайлоодо демократиялык принциптерден үмүт кылганы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Бийлик тараптан мыйзамдарды аттап өтүү менен Конституция өзгөртүлүп, каршы чыккан бийликтин туура эмес кадамдарын кескин сындаган саясатчылар куугунтукталып, бир нече жылдарга камалып, сөз эркиндигин сактап турган ММК тармагы Ак Үйдөн башкарылма сот системи аркылуу миллиондоп доого жыгылып жатканда Бабанов парламентте үн катпай отурду. Мындай иштерге парламент трибунасы аркылуу каршы турууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал күрөштү мына ошол маалда баштоосу керек эле. Андыктан өзүнө күч келгенде, тагыраагы, президенттик жарышка келгенде гана демократиялык баалуулуктарды издеп калганы жарандык позициясы активдүү адамдарга жакпады.

Шайлоого көз салган байкоочулар кандай пикирде? Бишкекте бүгүн КМШнын байкоочулары шайлоо демократиялык түрдө, таза өткөнүн айтышып, Кыргызда колдонулуп жаткан электрондук шайлоо cистемин мактады. Азыркы бийлик, президент Атамбаев өзү дагы 2010-жылга чейинки Акаев-Бакиевдик шайлоолорду "добуш берүүнүн жыйынтыгы бийлик каалагандай бурмаланчу" деп такай сындап жүрөт. Бирок андагы шайлоолорго да эл аралык байкоочулар көз салып, бүгүнкү сыяктуу эле "таза өттү, маселе жок" деп баа беришкен. Мисалы, 2009-жылы Бакиев экинчи мөөнөткө барган шайлоого КМШнын байкоочулары "шайлоо ачык, жарандардын Конституциялык укуктары корголгон шартта өттү" деп корутунду берген. Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын байкоочулары, башка чет элдик эксперттер да 15-октябрдагы шайлоо мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдиришти.

Шайлоодо экинчини ээлеген Өмүрбек Бабанов жеӊилгенин моюнга алды. Бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, "Республиканын" лидери президенттик шайлоону өттү деп тааный турганын, анын алдын ала жарыяланган жыйынтыгына дагы макул экенин айтты. Бабанов утулушуна үгүт маалында административдик ресурс колдонуу, укук коргоо органдарынын бут тосуусу, мамлекеттик телеканалдардан каралоолор таасир этти деп эсептейт. "Биз каалагандай өтпөдү, бирок шайлоо өттү", - деди ал. Бабанов утулуп калуусуна Назарбаев менен жолугушуусу себеп болду деген пикирлерге кошулбайт. "Назарбаевге жолукканыма өкүнбөйм, тескерисинче, сыймыктанам. Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн мен Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын президенттери менен да жолугушууга даярмын", - деди.

“Республиканын” лидери "элди митингге көтөрүп чыкпайм" деди. Буга чейин "шайлоодо тополоӊ чыгышы мүмкүн" деген кооптонуулар күч алып, шайлоо алдында Бабановдун айрым тарапташтарын "төӊкөрүш уюштурганы жатат" деп кармап УКМК камакка алган. Таласта бүгүн Бабановду колдогон жарандар топтолуп жатканы белгилүү болду. Адатта, лидерлер шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин айтып чыкканда эл колдоп чыгат. Жеӊилсе чыр салат делинген Бабанов жеӊишти тааныды. "Биз митингге үндөбөйбүз, ким үндөсө ал биздин адамыбыз эмес" деп элди провокацияга алдырбоого чакырды. Ал эми Адахан Мадумаров шайлоодо утулуп калса, эл эмнени талап кылса аны аткарууга даяр экенин айткан эле.

Учурда 2010-жылкы революциянын башаты болгон Таласта абал курчуп баратат. Ушул тапта облус борборунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы 3 миӊдей жаран митингге чыкты. Атамбаев буга чейин “шайлоодон кийин баш аламандык уюштургандарга түрмөдө орун кенен экенин” эскертип, тополоӊго жол берилбесин айтып келген. Элге тынч митингдерди өткөрүп, мыйзамдуу талаптарын коюуга мыйзам жол берет. Топтолгондор арасында “Бишкекке барабыз” деген чакырыктар айтылып баштады. Ошентсе да окуянын кандай нукта өнүгөрү азырынча бүдөмүк. Пресс жыйын өткөргөн Бабанов болсо бүгүн жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбековдон бир гана нерсени суранды: Жеңилген талапкерлердин тарапташтарын өгөйлөп, куугунтукка албоону, өлкөдөгү абалды курчутпай элге калыс мамилени сактап, өлкөнүн биримдигин камсыз кылууну...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан