Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берет

Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берет. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Бабановдун шайлоо штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, маалымат жыйын Бишкектеги шайлоо штабдарынын биринде саат 13:00дө башталат.

Айта кетсек, кечээ, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан