Өмүрбек Бабанов Казак президенти менен жолукканына өкүнбөй турганын жана ага сыймыктанарын айтты

Бүгүн, 16-октябрда Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө. Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканына өкүнбөй турганын жана ага сыймыктанарын айтты.

"Нурсултан Назарбаев менен жолукканыма өкүнбөйм, ага сыймыктанам. Туура жолугушуу болду. Аз добуш алып калганыма жолугушуу себеп болгон жок. Аз добуш алганыма укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн каралоо себеп болду. Ошондой эле стратегиялык кемчиликтер да болгондур. Келечекте кандай кадамдар болот, аны кийин чечебиз", - деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан