Бабанов: "Шайлоо бүттү. Сен башкага жүгүрдүң дебей элди бириктириш керек"

Бүгүн, 16-октябрда Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө элди бөлбөй, бириктирүү керек экенин айтты.

"Шайлоо бүттү. Шайлоодон кийин Бабановго же башкага жүгүрдүң деп бөлбөй, баарын бириктириш керек. Өлкөгө туруктуулук керек. Биз бул шайлоодо жеңдик. Элдин аң-сезимин өзгөрттүк. Шайлоо жолу менен өз үнүн угузса боло турганын далилдедик. Биздин жеңиштер али алдыда. Алдыга жолду иш жүзүнө ашырабыз", - деди Бабанов.

Айта кетсек, кечээ, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан