Бабанов: “Биз шайлоо мыйзамдарын өзгөртөбүз”

Бүгүн, 16-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыктары туурасында маалымат жыйын өткөрдү. Анда талапкер таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү шарт экенин айтты.

“Мыйзам бузуулар бар. Анык мыйзам бузуулар бар. Биз бардык мыйзам бузуулар боюнча фактыларды чогултабыз. Биз шайлоо мыйзамдарын өзгөртөбүз.

Шайлоо процесстерине укук коргоо органдарынын аралашканы боюнча, административдик ресурстардын пайдаланылышы боюнча жоопкерчиликти күчөтөбүз. Мен толук ишенем келечекте Кыргыз өлкөсүндө таза жана ачык, чыныгы шайлоо болот”, - деди Бабанов.

Айта кетсек, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан