Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттукташты

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Казак лидери өзүнүн куттуктоо телеграммасында Жээнбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз мамлекети өзүнүн динамикалык өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерге жетишерине ишеними бекем экенин айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин да Жээнбековду Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланышы менен куттуктады.

Шайлоонун жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековдун өз элинин арасындагы кадыр-баркы жогору экенин тастыктады жана анын социалдык-экономикалык маанилүү маселелерди чечүүдөгү эмгеги да бааланарын көрсөттү” деп жазылган куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

"Бул жеңиш сиздин өлкөңүздө тынчтыкты камсыздап, мамлекетиңиздин кадыр-баркын эл аралык деңгээлде дагы да жогорулашына түрткү болот. Калкыңыздын бакубат жашоосу үчүн кызмат кылып программаларыңызды бир тууган кыргыз элин колдоого багыттайсыз деп ишенем" , - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан