Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал Жогорку Кеңештин комитетинде жабык талкууланууда

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал талкууланды. Бул маселе жабык караларын айткан депутаттар, журналисттерди залдан чыгарышты.

Комитет Кыргыз-Казак өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун кароодо.

Белгилей кетсек, депутаттар 2 апта мурун президенттик шайлоого байланыштуу тыныгууга чыгып кетишкен. Кыргыз-Казак чек арасында бир аптадан бери кезек күтүүлөр, унаа тыгындары жаралып, жарандарга түйшүк жаратууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан