КҮНСЕРЕП: Оппозициянын кийинки "Өмүрбеги" ким болот?

Бүгүн, 18-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттик жарышта утулган Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынына катышкан жок. Жеӊилгенин парламент трибунасынан да айтып, башка фракция лидерлери сыӊары Сооронбай Жээнбековду жеӊиши менен куттуктабады. Бабановдун саясаттагы кийинки аракеттери, ээлеген орду кандай болору кызык. Накта оппозиционерге айланабы же ара-чолодо бийликти сындай калып, ыӊгайы келгенде аны менен иштешип кетүүчү позициясында калабы? Кыргыз оппозициясында убактылуу абакта жатканынан улам бош калган бир Өмүрбектин ордун экинчи Өмүрбек ээлеп калышы мүмкүнбү? Атамбаевдин шайлоодон кийин Бабановду "шайтан" деп сындашы, Жээнбековдун "Бабановду командама кошуу оюмда да жок" дегени Бабановго чыныгы оппозиционерге айланууга "шанс" түзүүдө.

Негизи, Өмүрбек Текебаев камалгандан тарта парламентте гана эмес, өлкөдө оппозициялык дух өчө түштү. Текебаев убагында Акаевдин да, Бакиевдин да заманында башкы оппозиционер эле. 2010-жылдан кийин өзү бийликте турган маалда Отунбаеванын да, Атамбаевдин да негизги сынчысы бойдон калып, камакка алынгыча реалдуу оппозицияда жүрдү. Жогорку Кеӊеште бир жолу "Ата Мекен" фракциясынын башкаруучу коалицияда болушу, бизди унчукпай калат дегендик эмес. Сындай турган жерде сыныбызды айта беребиз" дегени бар. Ушундайынан Атамбаевден "талтайбай бир тарапка өтсүн" деген эскертүү да алган. Бир коалицияда туруп КСДП менен тил табыша албай калганда КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков "Ата Мекенге" коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаганда Текебаев "Ата Мекен" коалицияга кирүүдө "бийликти сындабайбыз" деп милдеттеме албаганын, иштешкиси келбесе КСДП чыгып кетиши керектигин" айтканы көпчүлүктүн эсинде. Бекеринен Текебаевди "түбөлүк оппозиционер" дешпейт. 2016-жылы атамбаевдик команданын Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыкпаганда, президенттин жана анын жан-жөкөрлөрүнүн үй-мүлкү тууралуу эл билбеген фактыларды ачык жарыялап чыкпаганда, сөз эркиндиги кысымга алынып, демократиялык принциптер талкаланып жатканын айтып чыкпай бийлик менен тил табышып шүк жүрө бергенде, балким, Текебаев бүгүн СИЗОдо отурбайт эле.

Тагдырдын тамашасыбы, башкы оппозиционер Өмүрбек Текебаев соттолору менен ордуна экинчи Өмүрбек башкы оппозиционер катары чыга келди. Президенттик жарышта КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго Өмүрбек Бабанов башкы атаандаш болуп, оппозициялык талапкер катары бийлик менен 2 айдай күрөштү. Күрөштү мындан ары улантабы же аны кезектеги "Өмүрбекке" өткөрүп береби, учурдун негизги табышмагы...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан