Ырчы жана "Кыз-бурак" тобунун аткаруучу директору Сайкал Садыбакасова жакында турмушка чыгат. Жагымдуу кабарды бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына ырчынын апасы Гүлшайыр Садыбакасова тастыктады.
"Кудай буюрса, 25-октябрда Сайкалга кудалар кыргыздын салты боюнча сөйкө салышат. Үлпөт тойду 14-ноябрга белгилешти, Ошто өтөт. Кызымдын кимге турмушка чыгарын сөйкө салганга чейин айтпай турууну чечтик. Болочоктогу күйөө балам чыгармачылыкка жакын адам, мыкты жигит. Сайкал экөө бири-бирин түшүнүп жашайт деп ишенем", - деди ал.