Парламент: Иса Өмүркулов Казак бийлигин чек араны ачууга үндөдү

Жогорку Кеӊештин депутаттары 2 апталык тыныгуудан кийин жалпы жыйынга чогулушту. Парламенттин 18-октябрдагы жыйыны өтүп жатат. Анда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өлкөдө президенттик шайлоо ийгиликтүү өткөнүн айтып, ошол эле учурда Кыргыз-Казак чек арасында жагымсыз кырдаал сакталып жатканын билдирди.

"Евразиялык экономикалык биримдикте, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунда бирге болсок дагы чектөөлөр коюлуп жатат. Бул окуядан Кыргыздын да, Казактын да эли жабыр тартпаса дейбиз. Ошондуктан Казакстан жетекчилигинен суранып кетет элем, бул маселени күн тартибинен алып ташташса...", - деди Өмүркулов.

Эскерте кетсек, Кыргыз-Казак чек арасын кесип өтүүдөгү тоскоолдук 1 аптадан бери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан