Алмазбек Эргешов, депутат: "Кен казган компаниялар иш бүткөндөн кийин казылган жерди калыбына келтирбей жатышат"

Жогорку Кеӊештин 18-октябрдагы жыйыны өтүүдө.

Депутат Алмазбек Эргешов кен казган компаниялардын жоопкерчилигин кароону сунуштап, Аксынын Ак-Жол жана Ак-Суу айылдарындагы абалды мисал кылды.

"Бул эки айылда компаниялар кен казышып, иш бүткөндөн кийин рекультивация кылбай кетип калышкан. Ал жерди көрүп келдим, "бомба" түшкөндөй абалда калган. Иштин токтогонуна бир жыл болуп калыптыр. Ушундай кыла берсе болобу? Калыбына келтириши керек да", - деди депутат.

Өкмөт өкүлдөрү кен казган компаниялар иш бүткөндөн кийин ал жерди баштапкы калыбына келтирүүгө милдеттүү экенин айтышып, Аксыдагы аталган жерлер боюнча депутатка кат жүзүндө маалымат берүүнү убадалашты.

Спикер Чыныбай Турсунбеков жол оӊдоолордо казылган жерлер да курулуш бүткөндөн кийин ошол бойдон калып жатканын айтып, мисалдарды келтирди.

Өкмөт өкүлдөрү "бул туура эмес, карайбыз" деп кутулушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан