Парламенттин жыйынына Бабанов келген жок. Жыйында "Республика-Ата Журт" фракциясы пассивдүү катышты

Бүгүн, 18-октябрда президенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болду. Ага "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов катышкан жок. Аталган фракциянын депутаттарынын саны аз болду.

Бүгүнкү жыйындын күн тартибине 4 маселе коюлган. Парламент отуруму саат 11:00гө чейин эле созулду. Депутаттар мыйзам долбоорлоруна добуш берүү процессин эртеңкиге калтырышты.

Жыйында жалпы депутаттардын саны аз болду. Бирок каттоодон өткөн депутаттардын саны 76 деп көрсөтүлдү.

Эске салсак, парламент шайлоого чейин комитет, фракция жана жалпы жыйындарга пассивдүү катышып, кворум жок болгон учурлар кездешкен. Мындан улам депутаттар шайлоодон кийин иштөөнү чечишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан