Шоу-бизнестин жылдыздары “Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагынын кардарларын тейлешти

Шоу-бизнестин жылдыздары “Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагынын кардарларын тейлешти

Бир ай мурун «Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагында спорттун жылдыздары, популярдуу ырчылар жана стендап күлкү жаратуучулары кардарлардын унааларына G-Drive 95 күйүүчү майын куюп беришти. Август айынын соңунан октябрдын башына чейин “Звездная заправка” долбооруна 200дөн ашуун айдоочулар катышты.

Белгилүү адамдар менен жолугушуулар, пароль, катышкандар тууралуу ар бир “Звездная заправка” акциясынан бир апта мурун “Рекорд” радиостанциясынан анонс катары айтылып жатты. Ар дайым жаңы коноктор, жаңы «Газпромнефть» май куюучу жайы жана баш байге G-Drive 95 майын утуу үчүн жаңы шарттар. Айта кетчү нерсе, жеңүүчүнүн унаасына атайын чакырылган конок май куюп берди. Ал эми белгиленген май куюучу жайга биринчи барган беш айдоочуга кызыктыруучу сыйлыктар – DriveCafe`нин таттуу жана жаңы азыктары берилди. Жылдыздардын катышуусундагы төрт иш-чара тең компаниянын Facebook менен Instagram`дагы расмий баракчаларында түз эфирде көрсөтүлдү.

Акция жүрүп жаткан учурда кардарлар орусиялык “Голос” долбоорунун финалчысы Кайрат Примбердиев, футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын оюнчулары Антон Землянухин жана Ислам Шамшиев менен сүрөткө түшө алышты. Ошондой эле КВНдин Жогорку Лигасынын жеңүүчүсү «Азия Микс» командасынын мүчөлөрү Эрмек Кененсаров, Сергей Душимов жана Аким Карасаев, «Жарайт Сити» долбоорунун мүчөсү Нурсултан Курсанали уулу менен күлкүлүү окуялар тууралуу сүйлөшүп жылмайып калышты.

«Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагы – биз сапардагылар үчүн чоң иштерди жасайбыз!


кошулду
Шоу-бизнестин жылдыздары “Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагынын кардарларын тейлешти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pandora
2017-10-18 12:50:25
Кутуусуздон айдоочунун маанайын жогору которгон жакшы демилге)))
0
Azat.97
2017-10-18 13:42:16
Антон брат корунбойт го
+2
Assist
2017-10-18 15:36:22
Жакшы реклама газпром учун
+4
admin_superstan
2017-10-19 12:27:18
orun, темадан алыстабаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан