Чемпиондор Лигасы 3-тур: "Барселона" өз талаасында "Олимпиакосту" кабыл алса, "Бавария" "Селтик" менен упай талашат

Бүгүн, 18-октябрдан 19-октябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 3-турдун оюндары ойнолот. Бул күнү "А", "В", "С" жана "D" тайпаларындагы командалардын беттеши орун алат.

Күндүн башкы беттеши катары "Челси" - "Рома" жана “ЦСКА” - “Базель" клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот.

Тайпадагы абал:

"А" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу 6 упай менен 1-орунда турат. 2-орунду 3 упайдан топтогон "Базель" менен "ЦСКА" командалары бөлүп келе жатышса, 4 -орунда упайсыз "Бенфика" командасы орун алууда.

"В" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында "ПСЖ" командасы 2 беттеште тең жеңишке жетип 6 упай менен 1-орунда келүүдө. 2-3-орунда 3 упайдан топтогон "Бавария" жана "Селтик" командалары орун алууда. Ал эми 4-орунда упайсыз "Андерлехт" командасы жайгашкан.

"С" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында атаандаштарын жеңип алган "Челси" командасы 6 упай менен 1-орунда. 2-орунда 4 упай менен "Рома" командасы келе жатса, 3-орунда 1 упай топтогон "Атлетико Мадрид" клубу жайгашкан. Ал эми 4-орунда упайсыз "Карабах" клубу орун алууда.

"D" тайпасында 2 турдун жыйынтыгында 6 упайга ээ "Барселона" клубу келе жатат. 2-орунду 3 упайдан топтоп "Спортинг" менен "Ювентус" клубдары талашып келүүдө. Ал эми 4-орунда "Олимпиакос" командасы жайгашкан.

"Карабах" - "Атлетико" беттеши бүгүн, 18-октябрда саат 22:00дө старт алса, калган беттештер 18-октябрдан 19-октябрга караган түнү саат 00:45те башталат.

"А" тайпасы

"ЦСКА" (Орусия) - "Базель" (Швейцария);

"Бенфика" (Португалия) - "Манчестер Юнайтед" (Англия).
"В" тайпасы
"Андерлехт" (Бельгия) - "ПСЖ" (Франция);
"Бавария" (Германия) - "Селтик" (Шотландия).
"С" тайпасы
"Карабах" (Азербайжан) - "Атлетико Мадрид" (Испания);
"Челси" (Англия) - "Рома" (Италия).
D” тайпасы
"Барселона" (Испания) - "Олимпиакос" (Греция);
"Ювентус" (Италия) - "Спортинг" (Португалия).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Isco23
2017-10-18 15:14:39
Олимпиакостон жениш кутом. Алга олимпиакос.
+1
nemo2016
2017-10-18 16:37:34
Isco23,кой женилип калса эмне болот эки командага ийгилик
0
FCBMESSI
2017-10-18 17:20:41
Isco23,Барса Олимпиакосту атать кылат
0
Rasul94
2017-10-18 15:16:33
Челси Рома кучтуу болот.селтик Баварияны женип коюшу мумкун
-1
Nurik1988
2017-10-18 15:52:49
Барселона Алга
0
Lu4ano
2017-10-18 16:11:41
Ктрк спорт кайсынысын коросотот экен

0
Isco23
2017-10-18 17:17:50
Lu4ano,челси романы корсотот
0
Altysh_Boldush
2017-10-18 19:32:55
ПСЖ алга ❤️
+1
Janel2013
2017-10-18 20:15:14
Барса алга!
+1
ALMAAAN
2017-10-19 04:29:13
Барса женди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан