Дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Кубанычбек Айбек уулу жарым чейрек финалга өттү

Хорватиянын Загреб шаарында 18-22-октябрь аралыгында өтө турган дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңишке жетип жарым чейрек финалга өттү.

Бүгүн аталган мелдеште 55 жана 60 килограммга чейинки салмак ченинде медалдар ойнотулууда. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан 3 спортчу катышты. Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун коло медалынын ээси Кубанычбек Айбек уулу италиялык Маттиа Мартеллони менен беттешип жеңишке жетти. Кийинки беттеште Айбек уулу монголиялык Униболд Лхагважамтс менен беттешет.

Ал эми, тилекке каршы, Баяман Сагынбай уулу жана Асман Акылбек уулу алгачкы беттештеринде жеңилүү ызасын тартып, байгелүү орундар үчүн жасаган аракетин токтотушту.

Кыргыз спортчусунун атаандашы:

55 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кубанычбек Айбек уулу - Униболд Лхагважамтс (Монголия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан