Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттердин фестивалында Кыргыз жаштары 2017 метр жана 4000 метр аралыктагы жарышка катышты

Орусиянын Сочи шаарында XIX Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттердин фестивалында Кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрү 2017 метр жана 4000 метр аралыктагы чуркоо боюнча жарышка катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган жарышта 73 өлкөнүн 3437 жараны жарышка катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн жарышка 10 өкүл катышып, алтын медалдар менен сыйланган. Андан тышкары Кыргыз жаштары таяк тартыш жана спорттун башка түрлөрүнөн мелдештерге катышкан.

Маалымдай кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин XIX фестивалы 15-октябрдан 22-октябрга чейин өтөт. Ага 180 өлкөдөн 20 миңдей жаштар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан