Атамбаев "шайлоодо административдик ресурс колдонулду" деген сөздөр боюнча оюн айтты

Бүгүн, 18-октябрда президент Алмазбек Атамбаев окуусунда жакшы ийгиликтерди жараткан студенттерге стипендия тапшырды. Бул салтанатта Атамбаев сөз сүйлөп жатып, "президенттик шайлоодо административдик ресурстар колдонулду" деген сөздөргө жооп кылды.

Бүгүн "административдик ресурстар колдонулду" деп айрымдар айтып жатышат. Тилекке каршы, ага ишенгендер да бар. Менин эсимде бар, 2007-жылы менин партиялашым Халиков КСДПнын желеги менен Кант шаарын айланганы үчүн бакиевчилер бир жумадан кийин аны асып коюшкан. Биз президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловду кантип өлтүрүп, тирүүлөй өрттөп жибергенин эстейбиз. Бакиевдин кенже иниси бул ишке аралашып, Садыркуловду кыйноого алган. Ошол кездеги парламенттин төрагасы Зайнидин Курбанов бул жөнүндө ооз ачкан эмес. Анткени мындай адамдар үчүн кресло маанилүү. Азыр алар оппозицияда жүрүшөт. Анткени буларга кызмат керек. Кызматты андай адамдарга эмес, таза жана абийирдүү адамдарга берүү керек”, - деди Атамбаев.

Атамбаев шайлоодо административдик ресурстар колдонулду деген сөздөргө жооп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан