Дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Кубанычбек Айбек уулу жеңилүү ызасын тартып, медалдар үчүн күрөштү токтотту

Хорватиянын Загреб шаарында 18-22-октябрь аралыгында өтө турган дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу жарым чейрек финалдык беттеште жеңилүү ызасын тартып, медалдар үчүн күрөштү токтотту.

Кыргыз спортчусу 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп жарым чейрек финалда монголиялык Униболд Лхагважамтс менен беттешкен. 4-мүнөттүк таймаштын жыйынтыгында монголиялык дзюдочу 1 упай алып Кыргыз спортчусун жеңип алды. Буга чейин Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде италиялык Маттиа Мартеллони менен беттешип жеңишке жеткен.

Эске салсак, бүгүн аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн атынан 3 спортчу катышты. Баяман Сагынбай уулу жана Асман Акылбек уулу алгачкы беттештеринде жеңилип, байгелүү орундар үчүн жасаган аракетин токтотушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан