Топ-Лига-2017: "Дордой" конокто "Алайды" 3:1 эсебинде жеңип алды

Футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 19-турунда чемпиондукту камсыздаган "Алай" командасы "Дордой" менен беттешип сезондогу 4-ирет жеңилүү ызасын тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Футбол лигасы кабарлады.

Ош шаарынын Сүйүнбаев атындагы стадионунда орун алган беттеш 3:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Өлкө биринчилигинде 2-орунга күч сынашып келе жаткан "Дордой" командасы беттешти чабуул менен баштады. Коноктордун гол киргизгенге жасаган аракеттери 15-мүнөттө акталды. Анда Бекжан Сагынбаев эсепти 1:0 кылса, 2-мүнөт өтпөй Павел Сидоренко эсепти 2:0 кылганга үлгүрдү. Муну менен эки команда тыныгууга кетишти.

2-таймдын 54-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу гол киргизип, эсепти 3:0 кылды. "Алай" командасы 65-мүнөттө Алиа Силланын голу менен гана жооп бере алды.

Бул жыйынтык менен Топ-Лиганын аягына 1 тур калганда "Дордой" командасы 32 упай топтоп 3-орунда келүүдө. 2-орунда 35 упай менен Абдыш-Ата жайгашкан.

Кийинки 20-турда, "Дордой" өз талаасында "Кара-Балтаны" кабыл алат, ал эми "Абдыш-Ата" конокто "Алга" менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Isco23
2017-10-18 18:58:23
Фора берди да дордой 2чи местаны алып алсын дер
+1
doping1
2017-10-18 19:32:52
Isco23,чын эле
+2
Isco23
2017-10-18 20:55:12
doping1,афкда ойнош кк да экоо ошого
+2
FCBMESSI
2017-10-18 19:41:18
Алдын ала пландалган матчтай сезилип жатат
+3
UEFA-FIFA
2017-10-18 19:43:32
Алай экинчи составды түшүргөн окшойт).
+2
Lintel
2017-10-19 09:39:47
UEFA-FIFA, Татанов дажи корсотмо берген жок отурду каалагандай ойногула деп. Бул алдын ала пландалган оюн экенин баардык келген кооручулор билип турду.
+1
Nuris_Ala-Buka95
2017-10-19 08:20:08
Алайын 2-составды тушурсо анда аларды мектеп окуучулары да женип коет
-1
Nuris_Ala-Buka95
2017-10-19 08:21:01
Бул сезондо 4-ирет женилип атыр Алай ойной албайт , Дордой эн кучтуу
-1
almanbetperm
2017-10-19 09:36:09
Nuris_Ala-Buka95,кучтуу болсо кана,розница очков 9
+1
Maika
2017-10-19 11:12:30
Дордой
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан