Түркиянын Стамбул шаарында 20-22-октябрь аралыгында өтө турган күрөш боюнча жаштар арасындагы Өлкө кубогуна 8 Кыргыз балбан катышат.
Кыргыз өлкөсүнүн атынан аталган мелдешке жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси жана Азия чемпиону Акжол Махмудов байгелүү орундар үчүн күч сынашат.
Күрөш боюнча жаштар Кыргыз курама командасы:
Грек-рим күрөш боюнча:
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Куттубек Абдыкерим уулу;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Халмурат Ибрагимов;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Акылбек Талантбеков жана Акжол Махмудов;
Ага машыктыруучу: Фархад Ушуров;
Машыктыруучу: Кубат Ахметов.
Эркин күрөш боюнча:
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Атай Мамалиев;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Кубат Азизбаев;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Таалай Орузбаев;
96 килограммга чейинки салмак ченинде: Кунай Нурдавлетов;
Машыктыруучу: Анарбек Усенканов.