Окумуштуулар: "Чачты көп боёо - эмчек рагына алып келет"

Дарыгерлер чач боёо менен эмчек рагынын ортосундагы байланышты аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кефа Мокбель аттуу профессор, хирург өзүнүн эмгек тобу менен атайын изилдөө иштерин жүргүзгөн. Изилдөө иштери көкүрөк рагы менен жабыр тарткан айымдардын бул илдетке кандайча чалдыккандыгын аныктаган.

Изилдөө иштеринин жыйынтыгына ылайык, чачын байма-бай боёп турган айымдар чачын боёбогон айымдарга караганда көкүрөктөгү залалдуу шишикке көп чалдыгышары белгилүү болгон.

"Бул жыйынтыктарды тастыктоо үчүн дагы бир ирет изилдөө иштерин жүргүзүү керек. Бирок бизге изилдөө иштеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, чач боёгон каражаттар көкүрөк рагынын 14 пайызга тез өөрчүүсүнө алып келет", - деп билдирген Мокбель.

Мындан улам дарыгерлер айымдар бул илдетке чалдыгып калбоосу үчүн чачтарын бир айда бир эле жолу боёого же болбосо табигый боёкторду колдонууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kaninaiman
2017-10-19 10:37:33
Чын элеби??? Хнага бое керек анда
0
meni_kut
2017-10-19 10:47:04
Айпери Кубик кызы окуп койсо экен
+7
manchik0595
2017-10-19 10:51:59
Саламатсыздарбы урматтуу админ табигый боектор жана Хна жонундо да жазып койунуздарчы
0
Алина Айдарбекова
2017-10-19 11:06:57
manchik0595, саламатсызбы! Табигый боёктор жөнүндө маалыматты бул жактан окусаңыз болот. http://www.super.kg/article/show/12039?searchtext=табигый
0
Bilal2014
2017-10-19 14:28:23
Бир айда бир жолу деле коп да
0
Jumahmatov
2017-10-19 17:23:20
Кыздар чачынарды боебогула эртен бала эмизгенге жарабай калбагыла
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан