18-октябрдан 19-октябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 3-турдун оюндары орун алды. Анда 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип упайлар үчүн күч сынашты.
Бул күнү испаниялык "Барселона" өз талаасында грециялык "Олимпиакосту" кабыл алды. Беттештин башкы мүнөттөрүндө испаниялык команда атаандашын кысып, кооптуу абалдарды жаратып жатты. 10-мүнөттө "Барселона" топту 78 пайызга ээлик кылды. 18-мүнөттө Жерар Деулофеунун алыстан узаткан соккусу "Олимпиакостун" коргоочусуна тийип өтүп, эсеп саны ачылды. 41-мүнөттө Жерар Пике колу менен гол киргизгени үчүн сары айып кагазына ээ болгон, бирок калыстын бул чечимине макул болбой катуу реакция көрсөткөнү үчүн дагы бир сары айып кагаз алып, оюндан четтетилди. Пикенин жоктугу оюнга эч кандай таасир берген жок, "Барселона" удаа-удаа чабуулдарды жасап, кооптуу абалдарды жаратып жатты.
61-мүнөттө "Олимпиакостун" оюнчусу Димитриос Николау айып аянтчанын сыртынан Лионель Мессини жыгып салды. Айып соккуну Месси мыкты аткарып эсепти 2:0 кылды, Мессинин бул голу ал үчүн УЕФАнын мелдештеринин алкагында 100-голу болду. Арадан 4 мүнөт өтпөй Месси атаандашынын коргоочуларын алдап өтүп Люка Динге топту чыгарып берген, Динь алыскы бурчка таамай сокку узатып эсепти 3:0 кылды.
Негизги убакыттын аягына 1 мүнөт калганда "Олимпиакостун" футболчулары чабуулга чыгып 1 гол менен жооп бере алды.
Бул жыйынтык менен "D" тайпасында "Барселона" командасы 9 упай менен лидерликти сактап келүүдө. 2-орунда 6 упай топтогон "Ювентус" командасы, 3-орунда 3 упай менен "Спортинг" командасы болсо, 4-орунда упайсыз келе жаткан "Олимпиакос" командасы.
3-турдун жыйынтыгы ("А", "В", "С" жана "D" тайпаларында):
"А" тайпасы
"ЦСКА" (Орусия) - "Базель" (Швейцария) 0:2;
Голдор: Таулянт Жака (29-мүнөттө), Димитри Оберлин (90-мүнөттө);
"Бенфика" (Португалия) - "Манчестер Юнайтед" (Англия) 0:1;
Маркус Рэшфорд (64-мүнөттө).