О! мобилдик оператору түйүндүн өнүгүү темпин жогорулатты

О! мобилдик оператору түйүндүн каптоо аймагынын кеңейтилиши жана байланыштын сапатынын жакшыртылышы тууралуу маалымдады. Компаниянын адистери иштеп жаткан базалык станцияларды модернизациялоону, жаңы жабдуулардын монтажын жана ишке киргизүүнү жүзөгө ашырышты. Натыйжада, 50гө жакын калк отурукташкан пункттардын тургундары байланыштын сапатынын жакшыртылгандыгын жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын сезе алышты.

"Мобилдик интернетке болгон муктаждык барган сайын көбөйүүдө. Абоненттердин саны дагы, маалыматтарды берүүнүн көлөмү дагы, мобилдик байланыштын сапатына карата үмүттөр да өсүүдө. Байланыштын жаңы объектилерин куруу менен катар, биз кайсы жерде аймактык ашык жүктөмдөр пайда боло тургандыгын анализдейбиз да, биринчи кезекте так ошол жерлерде жумуштарыбызды аткарабыз. Биздин башкы милдет – абоненттердин туруктуу жана сапаттуу добуштук байланышка, ошондой эле жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке болгон ар дайым өсүп туруучу муктаждыктарын колдой турган сапаттуу байланышты көрсөтүү болуп саналат", - деп билдирди О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! мобилдик операторунун көптөн бери күткөн байланышы кээ бир айылдарда биринчи ирет коюлду. Жалпысынан, аткарылган иштин натыйжасында түйүндүн өткөрө алгычтыгы кеңейди жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы төмөнкү калк отурукташкан пункттарынын тургундары үчүн байланыш сапаты жакшыртылды.

Жалал-Абад облусу

Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Айры-Там, Жаңы-Шаар, Ажек (мурунку Комсомол), Кайырма, Колот, Бүргөндү, Жаңы-Арык, Ууру-Жар, Аримжан, Коминтерн, Киров, Жаңы-Айыл, Түрк-Абад, Боз-Чычкан, Беш-Мойнок, Чангет-Сай (Осмонов атындагы) айылдарда.

Ош облусу

Кара-Суу шаарында, ошондой эле Араван, Савай (Тельман атындагы), Жийде, Ай-Тамга, Додон, Толман, Таш-Булак, Ынтымак, Баглан, Кызыл-Чарба, Большевик, Кызыл-Тоо, Карчабек айылдарында.

Ысык-Көл облусу

Бостери жана Бар-Булак айылдарында.

Талас облусу

Көк-Сай айылында.

Чүй облусу

Төш-Булак, Бөрүлү, Конуш айылдарында.

Бишкек жана Ош шаарларында 4G-каптоону жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

О! мобилдик операторужалпы Кыргызстан боюнча мыкты байланыш.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tunerbei1812
2017-10-19 11:08:17
Ошкада интернеттин ылдамдыгы начар болуп жатат. Эмнесине мактанат дагы булар.
-1
Okgmobile
2017-10-19 11:15:37
Tunerbei1812,
Саламатсызбы! Кызмат көрсөтүүдө кетип жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн түзүлүштөгү номерди жана так даректи Фейсбукка же Инстаграмга жеке билдирүү менен билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
bond0202
2017-10-19 22:29:32
Okgmobile,сиздер менен кантип байланышсак болот?
0
Okgmobile
2017-10-24 14:32:33
bond0202,
Саламатсызбы.

WhatsApp – + 996 705 070 700
Viber – Мобильный оператор О!
Telegram – @Nurtelecom_bot
Электрондук дарек: pr@nurtelecom.kg

Толук маалымат Сиздин суроонуз боюнча бул жерде: https://o.kg/kg/novosti/o-menen-sutkanyn-kaalagan-ubaktysynda-baylanysh/
0
Medinaa
2017-10-19 11:42:22
"Студент" деген тариф кайсы аймактарга жеткиликтүү?
+1
Okgmobile
2017-10-19 11:48:26
Medinaa,
Саламатсызбы. "Студент" деген тариф бардык аймактарга жеткиликтүү.

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
+1
kanybek1986
2017-10-19 13:58:36
Ай тиги Баткен шаарына качан келет
0
Okgmobile
2017-10-24 14:29:54
kanybek1986,
Саламатсызбы. Азыркы учурда, Баткен шаарында базалык станцияны орноштуруу жакынкы арада пландаштырууда. Биздин сайттан тармактын өнүгүүсүн байкап турсаңыз болот: http://www.o.kg/ru/zona_pokrytija

Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
0
bond0202
2017-10-19 21:39:18
телефондон телефонго вай-фай сигналды бекер берсе болобу ошкадан?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан