WhatsApp баарлашуу тиркемеси 17-октябрь күнү жаңы функция менен толукталганын жар салды. Жаңы функциянын жардамы менен колдонуучу кайда жүргөнүн карта аркылуу маектешине билдире алат. Эгерде сиз балаңыздын, жубайыңыздын же жолдошуңуздун, досторуңуздун кайда жүргөнүн билгиңиз келсе, геомаалыматтарды жиберип коюусун сурап далилдетип алсаңыз болот. Ошондой эле карта менен кошо объект саат канчада, кайсы жерде жүргөнүн кошо билип алса болот.
Эми бул функция кантип иштейт?
Алгач телефонуңуздагы WhatsApp тиркемесин Плеймаркет аркылуу жаңылап алыңыз.
Андан соң сиз геомаалыматтарды жөнөтө турган адамды же группаны ачып, "добавить" ("кошуу") деген жерден "Место/Местоположение" (орун, аймак) дегенди тандаңыз. Ал жерден дароо "геомаалымат менен бөлүшүү" ("Делиться геоданными") деген опцияны көрөсүз. Муну тандаган соң кайсы бир мезгил же саат бою геомаалыматтар менен бөлүшүүнү кааласаңыз, ошончо саатка убакытты тууралап туруп "жөнөтүүнү" басыңыз. Ошону менен маектешиңиз сиздин кайда жүргөндүгүңүз тууралуу картаны алат.
Ушул эле ыкмаларды жалпы группада бир учурда бир нече адам колдоно алат. Мисалы, сиз досторуңуз менен группа түзүп, жолугушуучу жерди таппай адашып жаткан болсоңуз, бардык катышуучулардан геомаалыматтарды жөнөтүүлөрүн сурайсыз. Бул учурда телефонуңуздун бетиндеги картадан кайсы колдонуучу сизден канча аралыкта жүргөнү тууралуу маалыматтарды көрүп турасыз.