КҮНСЕРЕП: Сапар Исаковдун Астанага сапары байсалдуу болду

Бүгүн, 19-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

10-октябрдан тартып созулуп келе жаткан Кыргыз-Казак кризиси акырындык менен оң жагына чечиле баштады. Оор кырдаалдан чыгууга биринчи кадамды кыргыз тарап таштады. Өлкө башчы маселени саясий жактан чечүүгө аракеттенсе, өкмөттүк курам экономикалык рычагдарды пайдалануу менен алек. Президенттен баштасак.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо алдында Казакстандын бийлигине карата айтылган кескин сынын кечээ жумшартууга өттү. Тагырагы "Назарбаев жөнүндө эмоцияга алдырып айтканым туура эмес болгон окшойт" деп моюнга алды. Ал эми Кыргыз-Казак кризисин жаратууга айыпты Атамбаев "өзүндөй ишенчээк" Нурсултан Назарбаевдин чөйрөсүндөгү олигархтарга такты.

Кыргыз өкмөтү өз кезегинде эмне кылды? Премьер-министр Сапар Исаков казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаевге бир күн мурун телефон чалып, кечээ кечинде 30га жакын өкмөт мүчөлөрүн жана өкүлдөрүн топтоп Астанага барды. Тараптар тар жана кеңири курамда чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык эрежелери тууралуу маселелерин талкуулашты. А бирок Исаков Казакстанга жөнөп кетерден мурун Айыл чарба министрлиги тарабынан Таластагы Киров суу сактагычынын суусу коё берилери тууралуу таратылган маалыматы кызуу талкууга алынды. Аталган суу сактагыч буга чейин 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Казак тарап чек арасын дээрлик 2 айга жаап койгон учурда Кыргыздын керегине жараганы маалым. Себеби Киров суу сактагычынын суусунун 90 пайызын Жамбыл облусу менен Тараз шаары колдонот.

Исаков Астанага барып эмнени чечти? Кыргыз менен Казакстандын ортосундагы боордоштук мамилелер бекемделишине жана мындан ары өнүгүшүнө ишеним артарын билдирип, бардык маселелер чечилерин убадалады. “Мен өкмөт башчы катары конструктивдүү иш алып барууну каалайм” деди Исаков. Түнгө чейин созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргыз-Казак чек арасы боюнча Жол картасын 5 күндүн ичинде иштеп чыгууну чечишти. Ошондой эле өкмөт башчылары 19-октябрь 00:00 сааттан баштап, чек арада жеке жүгү менен өткөн жүргүнчүлөр, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалар, жеңил унаалар жана жүк ташуучу бош унааларды өткөрүүгө приоритеттүү тартипти камсыз кылууну сүйлөшүштү. Көп чакырымдык кезекте турган жүк ташуучулар жана жарандар муну дароо өз жон териси менен сезишип, учурда чек арада абал жеңилдеди. Бирок чек арадан өтүү кыйындап калгандан бери 8 күн ичинде товар ташыган ишкерлер кыйла күйүштү.

Кыргыз-Казак кризисин түзүп турган күн тартибиндеги маселелердин баары чечилип калган жок. Бирок кадам жасалды жана жылыштар байкалууда. Бул эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык деңгээлдеги көйгөйдү чечүү Сапар Исаков үчүн биринчи жана чоң сыноо болду. Аны ийгиликтүү ашып өтүүсү жогоруда сөз болгондой 5 күнгө чакталган кыска убакыттын ичинде билинет...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан