Садык Шер-Нияз негиздеген Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын кинофестивалы 25-ноябрда Лос-Анжелесте башталат

Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын кинофестивалы 25-ноябрда Американын Лос-Анжелес шаарында башталат. Бул тууралуу фестивалдын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз бүгүн, 19-октябрда маалымат жыйында билдирди.

Аталган кинофестиваль 2015-жылдан тартып өткөрүлүп келет. Бул фестивалга Азия аймагындагы мамлекеттерден "Оскар" жана "Алтын Глобус" кино сыйлыктарына көрсөтүлгөн гана тасмалар катыша алат. Аsia World Film Festival кино фестивалына Азия аймагында жайгашкан 50 өлкө катышат. Ар бир өлкөдөн эки гана тасма кабыл алынат.

Кинофестивалдын уюмуна киножаратуучулар Люси Лью, Владимир Меньшов, Тэмлин Томита, Андрей Морган кирген. Ага Азия аймагында жайгашкан 50 өлкө катышып, ар бир мамлекеттен экиден гана тасма көрсөтүүгө кабыл алынат.

Садык Шер-Нияздын айтымында, быйылкы жылы кинофестивалга көптөгөн белгилүү компаниялар, дүйнөлүк фестивалдар өздөрүнүн тилектештигин билдиришкен.

"Быйыл биздин кинофестивалга кызыккан компаниялардын, киножаратуучулардын саны өстү. Кинофестивалдын бул жылкы өнөктөшү - киноиндустриядагы белгилүү "Variety" журналы болду", - деди ал.

Ошондой эле депутат фестивалды Лос-Анжелестин Калвер-Сити аймагында өткөргүлө деген демилгени бул шаардын башчысы өзү көтөргөнүн кошумчалады. Аталган шаардын башчысынын сунушу менен шаардын негизги көчөлөрүнө фестивалдын 14 баннери илинген.

"Фестивалдын алкагында биздин өлкөдөн режиссёр Эрнист Абдыжапаровдун "Саякбай", Актан Арым Кубаттын "Кентавр" жана "Мунабия" тасмалары көрсөтүлөт. Фестивалдын максаты - Азия жана Америка кинематографиясынын ортосундагы мамилени чыңдоо жана Азия чөлкөмүндөгү кино жаратуучулардын эмгектерин бүткүл дүйнөгө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүү. Быйылкы комиссия мүчөлүгүнө "Монгол" жана "Крёстный отец" кинотасмаларынын режиссёрлору кирди", - деп билдирди Садык Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2017-10-19 15:22:23
Атанбаевге караганда дуйного кыргызды жакшы жагынан кобуроок таанытып жаткан Садык Шер Ниязга окшогон инсандарыбыз кобойо берсин,ишинизге албан албан ийгилик
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан