Бишкекте Алия аттуу келин кайнатасын бөтөлкө менен чаап, сыныгын далысына сайгылап салууга шектелүүдө. Мындай факты 12-октябрь күнү кечинде Кызыл-Аскер аймагындагы үйлөрдүн биринде катталган. Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Адыл Оморовдун 19-октябрда SUPER.KG'ге билдиргенине таянсак, кыз Ленин РИИБинде суралган соң үйүнө чыгарылган.
"Келин көрсөтмөсүндө айткандай, ал кайнатасына акча берип жалаяк алып келүүгө жиберген экен. Бирок кайнатасы ал акчага спирт ичимдигин ичип алгандыктан ачууланып, бөтөлкө менен аны башка чаап, андан кийин сыныгы менен далысына сайгылап жиберген. Кайнатасы ооруканада. Ал эми келининин үстүнөн арыз берүүдөн баш тарткандыктан ал бошотулду", - деди Оморов.
Ал эми кырсык тууралуу 12-октябрь күнү кечинде 102 кызматына маалымат түшүп, ыкчам тергөө тобу барган учурда келин аларга "Кайнатам бөлмөгө кирип келип зордуктоого аракет кылды. Каршылык көрсөтсөм ур-токмокко алгандыктан ушундай ишке бардым", - деп билдирген.
Адыл Оморов келин тергөө тобу барган учурда камерага ушинтип айтып койгонун, чынында андай болгон эместигин айтканын кошумчалады.
Бул факт боюнча учурда тергөө тобу тарабынан материалдар чогултулуп жатат. Анын жыйынтыгынын негизинде окуяга юридикалык баа берилмекчи.