Мадумаров эмне үчүн шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты

Бүгүн, 19-октябрда саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча пикирин айтты. Ал 15-октябрда өткөн шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейт.

“Эгер мен бүгүн шайлоо жакшы өттү деп айтсам жүз миңдеген мени колдогон шайлоочулардын бетине түкүргөн болом. Анда жамгырда, суукта туруп мени колдогондордун бетине түкүргөн болом. Бүгүнкүдөй улуттун кызыкчылыгы тебеленип жатканына, добуш сатып алганга, сатылганга, мыйзам бузууларга макул эмесмин. Эгер мен сыяктуу макул эместер болсо катарыма чакырам”, - деди Мадумаров.

Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин эле президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан