Таэквондо ИТФ федерациясынын президенти Мамлекеттик спорт агенттигин "бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланып жатат" деп айыптады

Кыргыз өлкөсү 2018-жылы таэквондо ИТФ боюнча Ачык Азия чемпиондугун өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүнүн таэквондо ИТФ федерациясынын президенти Виталий Олейниченко билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы 20-22-июль аралыгында Бишкек шаарында эл аралык ИТФ федерациясынын жардамы менен Азия чемпиондугу өткөрүлөт.

"Аталган мелдешке Азия аймагынан 15 өлкө жана Европанын бир нече өлкөлөрү катышат. Мелдешти өткөрүү маселеси 2 жыл бою каралган. Анда Кыргыз өлкөсүнөн башка өткөрүүгө талапкер Малайзия болгон. Бирок 2015-жылы Италияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 7 Кыргыз спортчу 6 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алгандыктары үчүн мелдеш Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлөт", - деди Виталий Олейниченко.

Андан тышкары, федерациянын президенти Кыргыз өлкөсүнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинде болуп жаткан алдамчылык иштери тууралуу айтты.

"Жакында биздин колубузга 2019-жылдын 26-30-июндарында өтө турган Азия чемпиондугу тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн өкмөтүнүн буйругунун долбоору тийди. Анда аталган мелдешти таэквондо ИТФ федерациясы өткөрөт деп жазылган. Иш кагаздарды спорт агенттигинин директору даярдаптыр. Документтин ичинде спорт агенттигинин мелдешти өткөрүүгө Өкмөттүн аппаратынан 1 миллион сом сураган каты бар экен. Ошондой эле мындан тышкары 3 миллион сомду федерация өзү камсыз кылат деген маалымат да камтылыптыр. Кызыгы, биздин федерацияда 3 миллион сом жок. Кайдагы 3 миллион каражат?" - деди ал.

"Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги бизге берген маалымат боюнча бүгүнкү күндө агенттикте эки таэквондо ИТФ федерациясы аккредитациядан өткөн. Анын бири биздики, ал эми экинчиси дагы эмнегедир биздин реквизиттер менен катталыптыр. Бирок анын президенти башка киши. Ал эми Юстиция министрлигинде бир эле федерация каттоодон өткөн жана анын жетекчиси мен болуп эсептелем. "Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Эсептөө палатасы спорт агенттигинде аудит жүргүзүп, биздин федерацияга 475,1 миң сом берилгенин аныктаган. Бирок бул акчанын бир да сому биздин федерацияга жеткен эмес. Биз "ал акчаларды ким алды?" деп расмий түрдө спорт агенттигине кайрылсак алар жооп берүүдөн баш тарткан. Бул жерде бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу орун алганы билинип турат. Эми алар биздин документтер аркылуу өкмөттө 1 миллион сом сурап жатышат", - деп кошумчалады Виталий Олейниченко.

Олейниченко берген маалыматтар боюнча Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү жооп алмакчыбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-10-19 17:28:33
Кайсы жерде жегич-жемкорлор! Түгөнөр күнүңөр болобу деги!
0
cico
2017-10-19 18:25:30
Фин полиция текшерип жыйынтыгын жарыялаш крк башка өлкөлөр азия чемпиондугун өткөзгөнгө чуркап жүрсө бизде качышат анан кантип спорт өнүгөт. Фин полициядан талап кылап текшерип жыйынтыгын жарыяласын
0
datkayimjan
2017-10-20 09:31:43
Жакшылап изилдеп чыгыш керек. Жемкор жепжуткучтарды жазалап, буга чейин жеген акчаларын кайтарып алышсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан