Шотландияда дүйнөдөгү биринчи сууда сүзүп жүрүүчү шамал электр станциясы иштей баштады

Шотландияда Hywind Scotland аталышындагы дүйнөдөгү биринчи сууда сүзүп жүрүүчү шамал электр станциясы иштеп баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, станция Абердиншир облусунда жайгашкан. Анын кубаттуулугу 30 мегаватты түзүп, 20 миңге жакын үй чарбасын электр жарыгы менен камсыздай алат. Бул шамал электр станциясы деңиздин тереңдиги 800 метрге чейин жеткен аймактарда гана иштей алат.

"Сүзүп журүүчү электр станциясынын 5 шамал генератору бар. Анын мамысынын бийиктиги 175 метр, салмагы 12 тоннага жакын. Учурда Шотландиядан тышкары ушул сыяктуу станциялар Американын Мэн штатында жана Испаниянын деңиз жээктеринде курулуп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Шотландияда сууда сүзүп жүрүүчү шамал электр станциясы ишке кирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Istina1000
2017-10-19 17:43:01
Укмуш
+1
balykchy2012
2017-10-19 17:47:03
Соонун экен булда болсо өнүгүү.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан