ЖЫЛНААМА, 20-ОКТЯБРЬ: 14 жашынан тартып актрисалык эмгек жолун баштаган Бакен Кыдыкеева 94 жыл мурун төрөлгөн

Кыргыздын көркөм өнөрүндө Чолпон жылдыз аталган, Төкөлдөштүн төрт кызынын эң кенжеси Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болсо бүгүн, 20-октябрда 94 жашка чыкмак.

Төкөлдөштүн төрт кызы - СССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева эле. Алар театр жана кинодо кыргыз кыз-келиндеринин түрдүү образын түзүүдө зор чеберчилигин көрсөткөн.

Кыдыкеева эмгек жолундагы алгачкы кадамын Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ал биринчи жолу сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын "Койлуу булак" чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган. Бакен Кыдыкеева 1941-жылы Ысык-Көлдөгү драма театрда, ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Нарын театрында иштеген. Кыдыкеева чыгармачылыгынын жана өмүрүнүн көп бөлүгүн Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына арнап, ал жерде 1989-жылга чейин эмгектенген. 1990-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин учурда өзүнүн ысымын алып жүргөн жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенген.

Анна Каренина, Айганыш, Толгонай, Каныкей өңдүү бир катар башкы каармандардын ролдорун актриса кайталангыс боёктор менен театр сүйүүчүлөрүнө тартуулаган. Ал образдар ар бир театр, кино сүйүүчүнүн көз алдында азыркы күнгө чейин турат.

Залкар актрисанын замандаштары Бакен Кыдыкееваны табиятынан актрисалык өнөр үчүн жаралгандай, ички сезими күчтүү, театралдык трагедиялык пландагы актриса болгон деп эскеришет. Сахнада бир канча спектаклдерде чогуу ойногон Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмонов: "Бакен Кыдыкеева менен куттуу сахнада өнөктөш катары көп жолу бирге иштешип, бир нече ирет кездешип, жакындан баарлашып калдым. Кандай образ жаратууга киришсек да, репетиция маалында Бакен эже жетишкендик менен катар мүчүлүштүктөрдү кыябын келтире жай гана түшүндүрүп, айтып коё турган бир башкача мүнөзгө ээ эле", - деп эскергени бар.

Ролу бышып-жетилип, өзүнүн купулуна толмоюнча көркөм кеңешке сунуштабаган актриса чыгармачылыгына өтө кылдат мамиле жасаган. Өзүнүн гана чыгармачылыгы менен алектенбестен артынан көптөгөн таланттардын чыгармачылык жолун түптөп кеткен актрисаны азыркы мезгилдин көптөгөн актёр, актрисалары устатым деп билишет.

Белгилүү актриса 1923-жылы 20-октябрда Бишкектин четиндеги Төкөлдөш аймагында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Бакен Кыдыкеева үч жолу турмушка чыккан. Алгач актриса театр актёру Абды Сүйөркуловго турмушка чыккан. Экинчи күйөөсү Ажыгабыл Айдаркулов жол кырсыгына кабылып көз жумган. Кийин дагы бир ирет күйөөгө баш байлап, бирок турмуштук кырдаалдан улам жалгыз жашоону чечкен. Актриса эки уул, бир кыздын апасы.

Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда жол кырсыгына кабылып каза болгон. Улуу актрисанын сөөгү эч ким тааныбай, өлүкканада 18 күн жатканы айтылып жүрөт.

20-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан