Бишкекте "Менин каарманым" аттуу китеп фестивалы өтөт

Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы китепканада 4-ноябрда "Китепфест-2017" адабий фестивалы өтөт. Бул жылы 3-ирет өтүп жаткан фестивалга популярдуу китептердин окурмандары, авторлору, китеп сүйүүчүлөр катышат.

"Фестивалда катышуучулар адабият чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулайт. Мындан тышкары андагы көйгөйлөрдү чечүүнүн эффективдүү демилгелерин өркүндөтүү максаты каралган. Фестивалдын негизги темасы "Менин каарманым" деп аталат. Анткени китептеги башкы каармандардан үлгү алган учурубуз аз эмес", - дешет уюштуруучулар.

Фестивалдын алкагында чыгармаларды айтып берүүгө, ыр окууга атайын жай даярдалат. Мындан тышкары китеп жарманкеси да өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitmatovak
2017-10-19 21:18:55
Саат канчада?

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан