Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 19-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
Ал эми экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына бүгүн эртең менен которулган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Мындан кийин соттолуучулар 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан №1-СИЗОго которулушкан.
Ал эми алардын жактоочулары бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко даттануу арызын берүүгө даярданып жатышканын билдирген.