Атамбаев Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын кеңешчиси менен жолукту

Бүгүн, 19-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президентинин кеңешчиси Сергей Глазьевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешчи “ЕАЭБ шарттарында ишкерликти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелери” эл аралык илимий-практикалык конференциясынын ишине катышуу үчүн Кыргыз жергесине келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразиялык экономикалык биримдиктин ишмердигинин орчундуу маселелери боюнча сөз болду. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосунда экономикалык интеграция процесстерин мындан ары өнүктүрүү талкууланды. Ошондой эле Атамбаев менен Глазьев ЕАЭБге кирген айрым өлкөлөрдүн ортосунда өз ара соодада тоскоолдуктарды алып салуу боюнча биргелешкен чараларды кабыл алууга тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары бүгүн Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар телефондук сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
ori
2017-10-19 19:20:56
Жаш балага окшоп путинге арыздандынбы чек араны ачпай атат казыр деп?уят!качанга чейин жалдырама боло бересинер!эй айланайындар Президент дегендердин баарынын статусу бир!ошол путин суйлогон созду сен деле суйлосон болот грамотно абыке кобошту XXXX
+16
ori
2017-10-19 19:23:38
Болбосо бардык рычаг кыргызстанда сууну жаап салгыла!кана бууга кайрылам таможный союздун президенттерин кезексиз чогултуп жыйын откором дедин кана?айдаганын 5 эчки ышкырыгы таш жарат!
+18
Best.bakyt
2017-10-19 19:32:14
ori,Болбогон эле бирдемени суйлой бербегилечи.
-18
ori
2017-10-19 20:05:38
Best.bakyt,аны мен эмес атан бай айтты
+17
aibars
2017-10-19 20:44:23
ori, туура соз суйлодун, чындык чыркыраган боюнча айтылды.
+17
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-19 21:11:29
Озу негизи эчкимге жалдырабай эле оз элибизди оз башчыларыбыз бакса болот бироодон бир сом сурабай сууларды кен байлыктарды эл учун иштетип эх тушунбойм
+14
jbolotov
2017-10-19 21:33:59
Бир кучтуу президент келип Кыргызстанды толук эч кимге айрыкча Путинге коз карандысыз кылбаса келечегибиз ойлондурат. Илгерки ССР дей кул кылбаса экен деп
+6
ZHYRGAL.balalaika
2017-10-19 23:02:50
jbolotov, Орустар менен мамиле куруу бизге эң чоң пайда.Ишенбесен атаңдан апаңдан байкенден сура,себебин билесиң.
+6
ori
2017-10-20 00:53:06
ZHYRGAL.balalaika,сен анын апасы атасынан суратпай эле кой озунун акылы жеткенчелик ойлонуп суйлоп атат!башка мамлекет менен тил табыша албаса орустар выгодно болот да !бул жагы таджикстан менен союз тузуп индияга чейин бул жагы улуу кытай турат экономиканы которгусу келсе жалдырама болуп ойуштай менен мамиле пайда дебестен
-1
ZHYRGAL.balalaika
2017-10-19 22:59:54
Мойун сунуп калбай Чындыкты айтты биздин президентибиз.Кыргыз болуп туруп жаман мазак сөздөр менен бул жерде кайым айтуу уят.Бир бирибизге душман болбойлу кыргызым.
-1
tursunbaev78
2017-10-19 23:05:02
АША каша кылып алып,өзүнүн бети чыдабай,Сапар Исаковду жөнөтүптүрда Казактарга
+3
Erlaha
2017-10-20 05:39:17
tursunbaev78,жонотуп чек Араны чечседа жакпайт
-1
tursunbaev78
2017-10-20 15:12:01
Erlaha,чек араны неге жапты деп өзүңө суроо бердиңби?же Казактар жөн жерден жаптыбы,ХХХХ созүнөн кийин жаап атат
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-20 07:57:41
Ало привет путин ака нуке братты кекиртектен алып ХХХХ койчу уйуно киргизбей жатат майли азыр айтып койом.
+3
admin_superstan
2017-10-20 10:37:37
Azat.97, ori, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан