Асрандиев Эркин Шамшудинович Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Асрандиевди фонддун жамаатына тааныштырды.
Буга чейин Эркин Асрандиев Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.
Айта кетсек, 14-сентябрда Жогорку Кеңеш аталган фонддун мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын төрагасы кызматына шайлаган.