“Алматыда жок-жок, Актөбеде жок-жок” деп сүйгөнүн издеп ырдаган Ерке Есмаханды ага ашык жигит өзү издеп тапты

Сүйүктүүсүн Казакстандын ар кайсы шаарынан издеп “Алматыда жок-жок, Актөбеде жок-жок” деп ырдап келген ырчы Ерке Есмаханды жаш жигит өзү издеп тапты. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Шу шаарынын 20 жаштагы Руслан аттуу тургуну ырчыга өз сүйүүсүн билдирүү үчүн нике шакегин алып жергиликтүү телеканалда болуп жаткан түз эфирлердин бирине келген. Эфир учурунда Руслан Еркеге тизелеп сезимин билдирип, гүл жана шакекти сунуп ырчынын колун сураган.

"Сиз издеген жигит Алматыда жок, Астанада жок болуп чыкты, ал көрсө Шуда экен. Сиздин "Кайдасың" деген ырыңызды уккандан тарта жүрөгүмө сизге болгон сезим уялаган", - деп билдирген жаш жигит Еркеге.

Күтүлбөгөн жерден мындай окуяга туш болуп, жаш, келишимдүү жигит колун сурап жаткандыгына ырчы толкунданып көзүнө жаш алып: "Русландын эфирге келгени жакшы болуптур, эгерде ал мага сунушту башка жерден кылганда көпчүлүк мени жаш баланын башын айландырып алыптыр деген сөздөрдү чыгармак", - деп билдирген Есмахан.

Ошондой эле ырчы ага сүйүү сезимин билдирген балдар көп экендигин, бирок алардын баары эле шакек салганга белсене бербестигин кошумчалаган.

Ерке Есмахан 1986-жылы Актөбө облусунун Иргиз айылында төрөлгөн. Ал чыгармачылык жолун 2009-жылы "Инкар" тобунун мүчөсү катары баштаган.

 

 

Еркенин колун сураган 20 жаштагы жигит
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Kanybek121195
2017-10-20 09:31:29
Ерке акыркы суротто ХХХХ болуп калыптырго
+7
tnt_ostrof
2017-10-20 09:58:28
Чын эле бир аз башкача корунуп калыптыр суроттон. Бирок жылдыздуу кыз.
+6
saana
2017-10-20 10:26:50
Бактылуу болгула эки жаш
+4
Kylymbek_isakulov
2017-10-20 10:30:36
Бактылуу болунуздар
+4
meni_kut
2017-10-20 10:40:35
Тажикстандын борбору Душанбени, Дуйшомбу деп которуп жазышчу эле))) Шуну Чу деп которуп койгула))))
+6
Nazaroff1974
2017-10-20 10:45:03
Карып калыптыр,срочно тие бериш керек кимге болсо да.Копту коруп койгон токумун жеп калган неме тура.Тийип чыкты кылып алса кийин оноюраак болуп калат,баарибир булар (ырчы-чоорчулар)узакка бирге жашай алышпайт,жаратылыштын закону.
+6
meni_kut
2017-10-20 10:49:50
Nazaroff1974,чоноюп калган уулу бар Еркенин.
+4
Nazaroff1974
2017-10-20 17:47:44
meni_kut,Ааа..пардон,пардон.Опшум,,мен жазбадым да койдум.ХХХХ
+1
Ma9
2017-10-20 11:14:42
уулу барго мурда турмушка чыгып ажырашканбы
+2
Jumahmatov
2017-10-20 11:15:15
Бул жигит башы айнып калган немего озунон 11 жаш улуу кыздын колуну кантип бети чыдап сурады суйуу адамды кор кылат тура ошетседа балага минус эрке озунон 11 жаш кичуу жигит менен жетелешип журмок беле тем боле биринчи жолу коруп атса баари бир макул болбойт болбосо сойкону алмакда ошондо мен ойдодо жазып кеткендей жигитке минус болот
+1
Nazaroff1974
2017-10-20 17:52:13
Jumahmatov,Сойкону ала берсин.Кийин сатып жиберсе пул да.Отук,куртка алып кийип алат.Бул ырчы болумуштун онунон корунуп турбайбы,Кумондор айтмакчы оо-ооо-оооооо....
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-20 15:39:34
Фоткасы не картайганбы же жаман тушуп калганбы Гарри потердин киносундагы кулагы чоон ХХХХ кишиге окшоп кетиптир чын
+2
volk27
2017-10-20 20:20:06
31 жашта экенда уууу мен Аны жашыраак элестеткем
+1
Kasymov
2017-10-20 21:46:01
Базар жок
+1
UEFA-FIFA
2017-10-20 22:15:25
Тийе бер эми наз наз кылбай, 31 ге чыгып карадалы да болуп калыптырсың).
+1
Usow
2017-10-21 00:18:10
Абдан кызыкго е
+1
Boru87
2017-10-21 00:36:45
маладес бала экен
+1
nzakirovna
2017-10-21 02:12:08
Жакшы ырдайт экен))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан