Өзгөндө 20 жаштагы айдоочу унаасы менен окуучу кызды сүзүп алды

Өзгөндө 20 жаштагы айдоочу унаасы менен окуучу кызды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ош ОИИБи боюнча Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 19-октябрь күнү Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында болгон. Анда 1997-жылы туулган айдоочу Тойота Авесис үлгүсүндөгү унаасы менен Өзгөндөн Ошко бараткан жолдо Куршаб айылынын тургуну 12 жашар кызды сүзүп алган.

"Жабырлануучу кырсык болгон жерден каза болгон. Айдоочунун айтымында, кыз жолго чуркап чыга калган. Мындан улам ал тормоз тепкенге жетишкен эмес. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Патрулдук милиция бөлүмүнөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurmat92
2017-10-20 09:26:26
Эмнеге кыз жолго чуркап чыга калып кырсыктап көз жумуп атса баланы камап салды? Бала атайын же жол эрежесин бузуп сүзгөн жок да
+5
omurbekFCB
2017-10-20 09:34:26
Nurmat92, катуу ылдамдыкта баратса керекда . 40 км саат мн баратканда да токтотуп калса болот
+1
kechirmeni
2017-10-20 09:48:35
Каап эки жакка тен кыйын болуптур, эми эч бир жак нааразы болбогондой болуп чечип алышса экен
+1
Defend.
2017-10-20 10:34:57
Тем более кароолдо 40 менен жүрүшпөйт.
+1
almanbetperm
2017-10-20 11:05:32
Тойота авенсис
0
BekAmir
2017-10-20 14:25:32
Ошол жерден куру калгансып аябай катуу отушот унаалар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан