Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 4 шайлоо тилкесинде 1047 бюллетень биометрика менен добуш бергендердин санынан ашыкча чыкты. Бул айырмачылыкты "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" уюму аныктап, аймактык шайлоо комиссиясына билдирди.
"Биздин байкоочулар 4 шайлоо участкасында мыйзам бузуулар боюнча билдирген. Сузактагы Барпы айылдык кеңешинин аймагындагы №2120-участкасында Мамлекеттик каттоо кызматы добуш берүүгө катышкандардын санын 850 деп каттаган. Ал эми аймактык шайлоо комиссиясы шайлоого катышкандардын саны 1427 болгонун айткан. Натыйжада 577 добуштан айырма чыгып калган.
Ушундай эле абал №2120-шайлоо участкасында катталып, Мамкаттоонун жыйынтыгы боюнча добуш бергендердин саны 510 деп көрсөтүп, шайлоо комиссиясынын маалыматы 778ди түзүп ортодогу айырмачылык 268 бюллетенди түзгөн.
Ал эми №2118-шайлоо участкасында бюллетендер менен добуш бергендердин ортосундагы айырма 117ни түзсө, Сузактагы Атабеков айылдык кеңешинде №2126-шайлоо участкасында 85 бюллетень ашыкча чыккан", - деди аталган уюмдун Жалал-Абаддагы аймактык координатору Уулкан Иранова.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Кыргызбаев бул маселе боюнча төмөнкүнү айтты.
"Бул кайрылууларга ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы 19-октябрда отурумга чогулуп, 107 шайлоо участкаларында добуш берүү болгонун белгилеп, жогорудагы одоно мыйзам бузулган 4 шайлоо участкасынын жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. Мындан тышкары мыйзам бузулушуна жол берген 4 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн таратып, аларга карата укуктук баа берүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына материалдарды өткөрүп берүүнү да чечкен", - деди Кыргызбаев.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бул шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу экенин белгилеп, БШК аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жалпы жыйынтык чыгарган учурда карай турганын айтты.
"Участкада идентификация өткөн адамдардын саны жалпы урнадан чыккан бюллетендерге тең келиши керек. Эгерде идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны урнадагы бюллетенден аз болсо, анда урнага же бюллетендерди санаган маалда шайлоо комиссия мыйзамсыз бюллетендерди кошуп койгон. Мурда эсиңерде болсо, мындай көрүнүш "бюллетендерди таштоо" деп аталчу. Эгерде участкада ушуга окшогон мыйзам бузуулар болсо, аймактык шайлоо комиссиясы жыйынтыктарды жокко чыгарганга укугу бар. Биз мындай учурларды жалпы жыйынтык чыгарганда карайбыз", - деди Абдрахматова.