Кечээ, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө жетекчилери Кыргыз менен Өзбекстандын кызматташуусунун орчундуу маселелерин талкуулашты. Тараптар мындан ары өз ара иштешүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алмашып, буга чейинки мамлекеттик иш сапарларда кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу маанилүү экенин баса белгилешти.
Шавкат Мирзийоев Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүсү менен куттуктап, Кыргыз өлкөсүнө өнүгүү жана туруктуулук каалады.
Атамбаев Мирзийоевге эки тараптуу маселелерди чечүүгө аракет кылып жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Айта кетсек, кечээ Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн.