Англиянын Манчестер шаарынын 36 жаштагы Доун Дэвис аттуу жашоочусу 15 жылга камакка алынды. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, ага 11 жаштагы баланы кыйнап, жыныстык катнашка мажбурлап жүргөн деген айып тагылып, күнөөсү далилденген.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, эгер бала Доун Дэвис менен "мамилеге баруудан" баш тартса баланы коркутуп, уруп, күч колдонуп жүргөн.
Полиция Дэвистин аракетин "жийиркеничтүү көрүнүш" деп атаган.
"Ал балага күч колдонуп, моралдык жана сексуалдык жактан аны шылдыңдап, басмырлап өзүнүн жаман кылык, фантазияларын аткартып келген. Бул учурда балага кандай оор болуп жатканын такыр ойлогон эмес", - деген тергөөчү.