Бишкек шаарындагы жаштар эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкекте жаштар эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда эс алуу бакта казуу иштери аяктады. Бүгүнкү күндө таман таш орнотуу жана лотокторду алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен Биринчи Май районунун акими Аскербек Алиев таанышып, аба ырайынын жаан-чачындуу мезгилине чейин ишти тездетүү тапшырмасын берди.

Борбор калаада жайгашкан жаштар эс алуу багы 5 гектар аянтты ээлейт. Мында 30дан ашуун дарактын түрү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isco23
2017-10-20 09:15:32
Болот экен гг ондоп койсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан