Ар дайым айың-кептер менен чуулгандуу жаңылыктар жашоосун коштоп жүргөн орусиялык алып баруучу, модель, ырчы Ольга Бузова өлкөнү башкаруу ниети бар экендигин билдирди. Бул тууралуу ал интернеттеги жеке баракчасына жарыялагандыгын орусиялык маалымат булактары жазууда.
Бузова мындай ниетин журналист Ксения Собчак президенттикке талапкерлигин коёрун билдиргенден кийин жазган.
Маалыматта жазылгандай, Орусияда кезектеги президенттик шайлоо 2018-жылы өтөт. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, Ольга Бузова президенттикке талапкер боло албайт. Буга байланыштуу ал 2022-жылы боло турган шайлоого катышарын жазган.
"Акыркы жаңылыктардан. Мен дагы 4 жыл күтүшүм керек, азыр болгону 31 жаштамын", - деп билдирүү калтырган ал.
Ырчынын баракчасына катталган интернет колдонуучулар үчүн анын бул билдирүүсү ары таң калычтуу, ары күлкүлүү болгон. Айрым колдонуучулар ырчыга саясатка аралашпай эле коюусун айтышса, арасында Бузованы колдогондор да болууда.
Көпчүлүгү Бузованын бул аракетин президенттикке талапкерлигин коё тургандыгын билдирген Ксения Собчакты шылдыңдоо деп эсептешкен.