Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде ырчы Роза Шакирова конокто болот

SUPER.KG порталынын түз эфиринин кезектеги коногу - шаңдуу да, кайгылуу да ырларды ийинине жеткире аткарган ырчы Роза Шакирова.

Ал бүгүн саат 15:00дө порталдын түз эфиринде конокто болуп, кенен маек берет.

"Үйлөнүү той", "Ашыгым", "Таппай жүрөм" жана башка ырлары менен музыка сүйүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун алган ырчы айымдын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, алдыдагы пландары деги эле ырчы жөнүндө сизди кызыктырган суроолорду жөнөтүңүз. Жообун түз эфир жүрүп жатканда Роза айымдын өзүнөн угасыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроо ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.


кошулду
25-октябрда SUPER.KG'нин түз эфиринде ырчы Роза Шакирова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
General.kg
2017-10-23 08:55:00
Роза эже шайлоо бүтсө шакирттерди тарбиялайм деп жаттыңыз эле. Кызыккандар үчүн баасы канча болот?
+4
Bakyi
2017-10-23 16:51:43
Роза эже Айдакенге качан келдиңиз?
Айдаркендеги кундөрдөн бир кызык окуя айтып бериңизчи?
+2
Jazdyn_tany
2017-10-23 23:44:42
Роза эже, 30 жашыңызда турмуш курганыңызды билебиз. Турмушка чыгаарда чоң сүйүү менен чыктыңыз беле же "жашым өтүп баратат" деп жактыруу сезими менен эле турмуш жолуна аттандыңыз беле?
+2
mumu00
2017-10-24 07:54:30
Роза эжеке,жолдошунуз менен эмнеге ачыкка чыкпайсыз? Адамдын жашыра турган нерсеси болсо айткысы келбейт да. Сиз жолдошунуздун экинчи аялысызбы? Мага кызык жолдошунуз эки аялы менен тен жашайт деген чынбы?
0
erkinay.s
2017-10-24 10:46:36
Аябай жагат да ушул эженин ырлары
+1
kanysh
2017-10-24 11:28:46
Салам Роза эже биз уй булобуз менен сиздин ырларынызды жакшы коруп угабыз. Ишинизге ийгилик! Кадамжайдан жердеш синдиниз.
+1
Elitta
2017-10-24 15:02:03
Саламатсызбы Роза эже омурунуздо эс учунузду жоготкудай чын журоктон суйуп аны коргондо настроения 5.болуп озунузчоле шанырандап,ушундай суйууго кабылгансызбы?Аны мн таарынышып калганынызда тамак отпой былтындап эчкимге суйлогунуз келбей куну туну ошону ойлоп калган учурунуз БОЛГОНБУ сиздеда???))
0
Isco23
2017-10-24 16:34:28
Ииий менин абжем го
0
sarbo
2017-10-24 19:54:41
чыгармачылык ата энениздин кимисинен откон
0
Arti
2017-10-25 10:13:45
Саламатсызбы Роза. Сиздин үнүнүз аябай жагат. үнүнүздү кантип таптадыныз эле? "Таппай жүрөм" ырынызды ырдап беринизчи.
0
Rasul94
2017-10-25 12:21:39
саламатсызбы Роза эже.сизге чыгармачылыкта чон ийгиликтерди каалайм.Гулнур эженин ырларынан бир куплет туурап беринизчи
0
bekbrat78
2017-10-25 12:36:24
Жакшы ырдайт мага жагат
0
kelemdedin
2017-10-25 14:58:53
Роза эже Кыргызстанда Гулнур Сатылганова эже менен эле сизди чыныгы ырчы деп эсептейм. Анан жанагы жылтырак койнокторунон башка эчнерсеси жок чоёктогон ырчымын деген звиздахандар сиздин чанынызда калып кетишет. Сиз кыргыз эстрадасынан кимди аябай баалайсыз?
0
azamat-1992kg
2017-10-25 15:40:34
Саламатсызбы Роза эже! Сиздин аткарууңуздагы "Таппай жүрөм" деген ырыңыздын тарых таржымалын билсек болобу? Бул ырды сиз кандай жол менен аткарып калдыңыз эле? Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан