Ысык-Көлдө уюлдук телефон уурдагандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жайкы туристтик мезгилде, июль айында белгисиз адамдар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу жайынын коттеджине киришип, Бишкек шаарынын тургунуна тиешелүү болгон уюлдук телефонун уурдап кетишкен.
"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 20 жаштагы Ж.К. жана 17 жаштагы К.Т. аттуу тургундары кармалган. Тергөө учурунда кармалгандар өздөрүнүн күнөөлөрүн толук моюндарына алышып, далил катары уюлдук телефон табылган. Шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.