Жаратылыштын кубатынан, Жердин ресурстарынан пайдаланып, өзгөртүүлөрдү жасоо үчүн адамзат жүздөгөн жылдар бою изденүүнүн үстүндө болду. Илимий изилдөөлөрдөн жылда жаңы ачылыштарга кадам ташталып, жашоо түркүн кызыктар менен өзгөрүп келет. Интернет, телефондук байланыш, техникалык жетишкендиктер адамзат кыялын орундатып, ойго келбеген жаңы ачылыштарга күн сайын күбө болуп жатабыз.
Бизге ушундай жашоонун керемет мүмкүнчүлүктөрүн тартуулап, дүйнөнү өзгөрткөн илимпоздор, жаратмандар тууралуу билесизби? Билимиңизди тест аркылуу сынап көрүңүз.