Аламүдүн районунун Маевка айылында "үйлөргө, унааларга өрт койгон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Ш.Н. аттуу жаран 19-октябрь күнү кечинде Аламүдүн районунун аймагынан кармалган. Учурда ага карата тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн эмне себептен мындай ишке барганы такталууда.
Айта кетсек, 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районундагы Маевка айылы жана Ак-Босого конушунда онго жакын өрт кырсыгы катталган. Маалыматтарга караганда, белгисиз адам айрым тургундардын унааларына жана үйлөрүнө өрт койгон. Анын ичинен бир үй жана бир унаа толугу менен күйүп кеткен.